Menu

Феликс Кулов: “Максим Бакиев Кара-Кече көмүр электр стациясын куруу үчүн казактардан 150 млн доллар өз үлүшүн талап кылган”

Бөлүшүү:

“Кыргызстан үчүн Жогорку-Нарын ГЭС каскаддарын курганга караганда Кара-Кече көмүр электр стациясын куруу маанилүү болмок”, – деп билдирди саясатчы Феликс Кулов 13-декабрда “Ааламдашуу жана анын Кыргызстандын келечегине тийгизген таасири” аттуу тегерек үстөлдө.

“Эгер Кара-Кече көмүр электр стациясын курсак ал биздин эң ири Токтогул ГЭСинин кубаттуулугуна тете 1200 мегаватт электр энергиясын бере баштайт. Мен 2005-2006-жылдары премьер-министр болуп турганда бул маселе бир нече жолу талкууланган. Эгер курулуп калса биз кышында Кара-Кече көмүр электр стациясы өндүргөн электр энергиясын пайдаланып, Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөмөкпүз. Ал учурда Кара-Кече көмүр электр стациясын курууда  өзбектер 25%ын, казактар 25%, инвесторлор 25% төлөмөк болгон, биз кыргыздар жерди бергенибиз үчүн 25%ына ээлик кылуу схемасы сунушталган. Ушул схема баарына пайдалуу болчу. Казактын инвесторлору кызыгышып, бизге сүйлөшүүлөр үчүн келишкен. Алар премьер-министр президентке көз каранды экенин билишип, түз эле президентке киришкен. Курманбек Бакиев аларды өзүнүн уулу Максимге жөнөткөн. Максим аларга 150 миллион доллар төлөгүлө да каалаганыңарды кура бергиле деген. Эгер ошондо Кара-Кече көмүр электр стациясы курулуп калганда азыр коңшулар менен эч кандай проблема болмок эмес”, – деди Феликс Кулов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: