21-ноябрда «Ар-намыс революциясынын» үч жылдыгы белгиленип жаткан Киевдин борбордук аянтында активисттер менен тартип сакчыларынын ортосунда кагылышуу болду. Ага адамдар тобунун Көз карандысыз майданына автоунаа дөңгөлөктөрүн алып өтүү аракети себеп болду.
Күч түзүмдөрү Крещатик көчөсүн тосушту. Бирок активисттер укук коргоо органдарынын тосмолорун жарып өтүп, «Революция!» деген ураандар менен аянтты көздөй багыт алышты. Коопсуздук күчтөрү акция катышуучуларына каршы атайын каражаттарды колдонушкан жок.
Андан сырткары Украина борборунда «Петр Порошенкого суроо» аттуу акция өттү. Аны «Азов» коомдук уюму менен «Улуттук корпус» партиясы уюштурган. Акциянын жүрүшүндө миңге чукул активист Киевдин борбору аркылуу жүрүш жасап, президент менен анын администрациясына болгон суроолорун окушту.
Украина президенти Петр Порошенко «ар-намыс революциясынан» кийин өлкөдөгү элдин жашоо деңгээли европалык стандарттарга жакындабаганын моюнуна алды. Анын айтымында, бул кайсыл бир «объективдүү факторлор» менен түшүндүрүлөт. Бирок мамлекет башчысы «жакында экономикалык реформалардын натыйжалуулугун» өлкөнүн жарандарынын көбү сезет деп эсептейт.
Ошондой эле Порошенко куттуктоо сөзүндө айрым саясатчылардын 2014-жылдагы революциянын жыйынтыктарын «жокко чыгаруусуна» мүмкүндүк бербөөгө чакырды. Ал «ар-намыс революциясы» «мурдагы орусиялык-советтик» мезгилге чек койгонун кошумчалап, Орусиянын өзүндөгү режимди «авторитардык» деп атады.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ