Menu

Премьер-министр Сапар Исаков Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, бүгүн, 2-февралда Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуу алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөрдүн эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу темалары талкууланды.

Премьер-министр Сапар Исаков Дмитрий Медведевди Россия Федерациясынын Евразиялык экономикалык биримдикте 2018-жылы төрагалык кылуусу менен куттуктады.

«Россиялык тараптын бардык демилгелери жана идеялары келечекте Биримдиктин чыңдалышы үчүн өз пайдасын тийгизээрине ишеним билдирем», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Өкмөт башчылар эл аралык санариптик күн тартиптин акыркы тенденцияларын, соода-экономика, илимий-техника жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагындагы эки тарапуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча чараларды, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагындагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча чараларды талкуулады.

Тараптар кыргыз-орус кытматташтыгын чыңдоого багытталган маселелердин бардык тармактары боюнча конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендигин билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: