Menu

Мамбетжунус Абылов, экс-министр: “Эгер бийлик ыкчам жана катаал чара көрбөсө, өлкөдө бийликке жутунган инсандар тополоң уюштурууну токтотушпайт”

Бөлүшүү:

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов кечээ, 2-мартта болуп өткөн окуялар боюнча маек берди.
-Мамабетжунус  агай, кечэ Садыр Жапаровтун колдоочулары  митинг уюштурду. Сиз катыштыңызбы?
-Жок, катышканым жок.
-Эмне үчүн? 
-Мунун эки себеби бар.
Биринчиси. Атамбаев доорунда  саясый куугунтука душар болуп камалган баардык саясатчылардын ишин сот жана тергөө органдары кайра тескеп чыгуусун өтүнүп, Элдик Курултай кабыл алган чечимди биз тергөө жана сот органдарына расмий тапшырганбыз. Ошолордун ичинде Садыр Жапаровтун да аты аталган. Ошол Элдик Курултайдын чечимин сыйлап, бүгүнкү бийлик  камактагы Б. Асановтун, К. Кадыровтун, Б. Талгарбековтун, Э. Карыпбековтун, Т. Калматовтун, Д. Сарыгуловтун, О. Текебаевтин, К. Исаевтин, С. Жапаровтун өкүмдөрүн мыйзам чегинде кайра текшерип, жаңы  чечимдерди кабыл алганын кыргыз эли билет.
Экинчиси. Өзүнө чыккан соттун акыркы өкүмү туура экенин өзү түшүнүп,  ырайым кылууну суранып, Садыр Жапаров Президентке өзү расмий кат менен кайрылганын эл билет. «Мен күнөөмдү мойнума алдым, мага ырайым кылып койуңуз» деп ал Президентен өзү суранып жатса, биздин өлкөдө тынчтыкты бузууну эңсеген айрым инсандар, С. Жапаровтун атына жамынып, кечээ митингке элди чогултушту. Алар митингде С. Жапаров тууралуу  талаптарын жарыялап, анан тынч тарап кеткендин оордуна, алардын айрымдары С. Жапаровту бийлик бүгүн бошотсун, болбосо биз тарабайбыз  деп аянтка чыккан элге чакырык салып, элди бийликке каршы ачык козута башташты.  Анан митинг болуп жаткан жерден  алар элдин бир тобун  бийлик жайгашкан имаратты көздөй ээрчитип, ошол  митингдин тынч өтүүсүнө көзөмөл салып жаткан күч органдарынын өкүлдөрүн, алар  таш менен ура башташты. Эгерде күч  органдары аларга каршы мыйзам чегинде ыкчам чара көрбөгөндө, бир заматта алар борбор шаарыбыздын таш талканы чыгарышмак да, анан алар «бул бийлик болбой калды» деп, элди бийликке каршы тукурушту баштамак. Элди ушундай провокацияга түртүүнү көздөп, алар борбор аянттын тегерегинде жайгашкан айрым ишканалардын айнектерин жана токтоп турган автомашиналарды да талкалап салышты.  Булардын максаты С. Жапаровту бошотуу эмес эле, өлкөдө тынчтыкты бузуп, бийликти басып алуу экенин кечээки митинг айкындап салды. Ушундай болоорун сезип, кечээки митингке барам деп ээленип алган менин айрым тааныштарымды – «бул митингке катышпагыла, аягы провокация менен бүтөт» деп  колумдан келишинче мен алардын көбүнө эскерттим.
-Бийлик  мындан кандай тыянак чыгырыш керек?
-Тополоң уюштурууга аракет кылган инсандардын күнөөсүн тергөө тез арада аныктап, алардын кылмыш иштерин  сотко тез арада тапшырышы зарыл. Эгер бийлик аларга каршы мындай ыкчам чара көрбөсө, биздин өлкөдө бийликке жутунган инсандар тополоң уюштурууну токтотушпайт. Себеби, бул жыл парламентти шайлоо жылы. Шайлоодо бийлик  талашуу курчуп, шайлоо чыр менен бүтүшү ыктымал. Баарыбыз билебиз, Акаев парламенттик шайлоодон кийин тактан кулаган. Кечээки чыр, ошол болочок чырдын ооз ачты эле репитициясы экенин эл көрүп турат.
-Анда бийлик кандай чара көрүш керек?
-Парламенттин курамын бул жолу бийлик түп тамырынан бери өзгөртүшү зарыл. Парламент бүгүн байлардын, базаркомдордун, алып сатарлдардын, пулдуулардын эле клубу болуп калганын Сиз жакшы билесиз. Ошондуктан парламентти тажырыйбалуу, колу таза, мамлекетчил, улутчул, мекенчил, чыгармачыл адамдардын клубуна айлантуу  бийликтин түздөн түз милдети. Бул максатты ишке ашырыш үчүн бийлик өз ишин жалаң эле байлар же күч, сот органдарына таянып жүргүзбөстөн, коомдук уюмдарга таянып жүргүзүшү өтө зарыл. Себеби таза, тажырыйбалуу мекенчил инсандар бүгүн парламентте эмес, ошол коомдук уюмдарда. Бийлик буга маани бербей жаткандыктан, алар бүгүн бийликке ыктабай, бийликке жутунган шумпайларга ыктоого мажбур болуп жатышат. Бу маселеге бийлик дагы эле маани бербей турган болсо, шайлоодон кийин алардын көбү  башкаларды колдоого мажбур болуп калышат. Себеби, кыргыз деген эл «Сүйбөгөнгө сүйкөнбө» деген пикирди туу туткан эл болот.
-Рахмат берген жообуңузга.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: