Menu

Отко күйгөн он төрт гүлгө эстелик

Бөлүшүү:

27-августта Москва шаарында өрттөн каза болгон кыргыздын кыз-келиндерине

Агарып таң атканда Күн чачпактуу,

Озондоп келди  кокус муң баштап чуу.

Кырсыктын курмандыгы болду он төрт гүл,

Үзүлүп гүлзарынан гүлбакчанын.

 

Иш башталган имаратта төрт кабат,

Албууттанган ажыдаардай от жанат.

Кымбат саам арга бербей өлбөскө,

Сааттардын жебелери чот кагат.

 

Кутулаарга амал калбай дегеле,

Торогондой жолду өрттүү  кемеге.

Тажаал ажал мээлеп атты баарын тең,

Илип алып тили жалын жебеге.

 

Добуш чыкпай муздак калай табыттан,

Гүлдөр жатты отко күйүп калышкан.

О бул гүлдөр Жаңыл Мырза, Мактымдар,

Ата-энени,  элди-журтту багышкан.

 

“Москва-Ош-Бишкек”  жолдуу багытта,

Учак келет бийиктикте чабыттай.

Баары отуруп, а он төрт гүл табытта,

Мазарына келатышты баары уктай.

 

Кылы үзүлүп кетүүчүдөй чертилген,

Комуз боздойт кайгы-муңдан мертинген.

Аябады туула элек баланы,

Арсыз ажал кылычына  өрт илген.

 

Очогуңдун бейпи л отун жагышаар,

Кошогуңду үйрөтүүдө падышаң.

Хан тагынын талпагына айланган,

Андайлардын өтүгү чаң, тагы кан.

 

Иш башталган имаратта төрт кабат,

Денелерди куйкалаган өрт “кабат”.

О он төрт гүл!  Бейиш бакка учтуңар!

Кууга айланып чуудаланган көк канат!

 

Бүбүсара Аруужан.  29. 08. 2016. Бишкек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: