Menu

Садыр Жапаровдун 64 тарапташы эки жана беш суткага камалды

Бөлүшүү:

Биринчи Май райондук соту Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалган 64 кишини эки суткадан беш суткага чейин камакка алуу чечимин кабыл алды. 12 киши айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Эки митингчиге эскертүү берилип, калгандары профилактикалык сүйлөшүүлөрдөн кийин кое берилди. Жапаровдун өзү тергөө бүткүчө №1 абакка камакка алынды. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы маалымдады.

25-мартта Биринчи Май райондук милициясына Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалган 105 адам алынып келинген. Алар коомдук тартипти бузганы үчүн “бейбаштык”, “милиция кызматкерлерине кол көтөрүү”, “мүлккө чыгым келтирүү” беренелери боюнча айыпталып, кылмыш иши козголгон.

Маалыматта айтылгандай, 25-марттагы митинг учурунда беш милиция кызматкери түрдүү жаракат алган. Алар соттук-медициналык экспертизадан өтүшөт. Мындан тышкары Бишкек милициясына “Ясинь” автобусунун айдоочусу арыз менен кайрылып, митингчилер атайылап автобустун эшик-терезелерин талкалап салышканына даттанган.

Милиция учурда окуя болгон жердеги бардык тасмалар көрүлүп жатканын, натыйжада дагы айыптуулар аныкталарын да кошумчалоодо.

25-мартта Бишкекте УКМК имаратынын алдында Садыр Жапаровдун жактоочулары аны бошотууну талап кылышып, мунун арты ызы-чуу менен коштолгон. ИИМ митингде башаламандыкка орун берди деген негизде ондогон адамдар кармалып, Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө жеткирилгенин маалымдаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: