Menu

Тажикстан “ТажикАзот” ишканасы үчүн жаңы инвестор издеп жатат

Бөлүшүү:

Тажикстан кезинде Борбор Азиядагы минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча алдыңкы ишканалардын бири эсептелген «ТажикАзот» заводун ишке киргизүү үчүн жаңы инвестор издеп жатат.

Тажик өкмөтү бул ишкананы модернизациялоо үчүн 2016-жылы Кытайдын «Хэнань Чжун» компаниясы менен келишим түзгөн. Ага ылайык, жылына 120 миң тонна аммиак жана 200 миң тонна карбамид өндүрө турган ишкананын алгачкы бөлүгү бир жарым жылдан кийин пайдаланууга берилиши керек болчу. Андан кийинки үч жылдын ичинде ишкананын 300 миң тонна аммиак жана 500 миң тонна карбомид өндүрүүгө кудуреттүү бөлүгү курулуп бүтмөк. Бирок кытай тарап макулдашууда көрсөтүлгөн милдеттенмелерин аткарбай, алгач белгиленгендей завод 2018-жылы жазында ишин баштаган эмес.

«ТажикАзот» ишканасы 11 жылдан бери иштебей турат. Мындан улам Тажикстан минералдык жер семирткичтерди башка өлкөлөрдөн кымбат баада сатып алууга аргасыз болуп келет. Адистердин эсебинде, өлкө жыл сайын Орусия менен Өзбекстандан 70 миллион долларга аммиак жана карбамид сатып алат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: