Ош облусунун Кара-Суу районунда чагылган түшүп, 13 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 21-июлда кечинде Сарай айыл аймагына караштуу Миялы айылында чагылган түшүп, анын кесепетинен мал кайтарып жүргөн, 2007-жылы туулган бала каза болду.
Кара-Суу метеостанциясынын маалыматы боюнча, кечээ, 21-июлда саат 18:45 чамасында күн күркүрөп, 21:40 чейин уланган.
Аба ырайынын божомолуна ылайык, кечээ Ош облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ