Бишкекте дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Айдай табылды. Бул тууралуу кыздын туугандары журналисттерге билдиришти.
Алардын айтымында, Айдай Бишкектеги жатаканалардын биринен табылган. Жатакананын кыматкерлери Айдайдын изделип жатканын билип калышып, ата-энесине чалышкан. Кыздын абалы жакшы.
Эскерте кетсек, кечээ, 10-февралда 16 жаштагы Айдай 7-микрорайондогу үйүдөн чыккан бойдон кайтып келген эмес. Дайынсыз жоголгон кыз психикалык жактан жабыркап, эки бутунан аксап басары айтылган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ