Menu

Ташкентте соода борборундагы кыйроодон төрт киши ажал тапты

Бөлүшүү:

28-августта Ташкентте курулуш жүрүп жаткан «Riviera» соода комплексинде металлоконструкция кыйрады. Анын кесепетинен төрт курулушчу мерт болду, экөө жаракат алды. Бул тууралуу Өзбекстан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Министрлик калган маалыматтар кийинчерээк берилерин кошумчалаган.

Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, «Riviera» соода борбору Ташкенттин Алмазар районунда курулууда. Металлоконструкция 28-августта чак түштө кыйраган. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилери да келген.

Жаракат алган эки киши Республикалык тез медициналык жардам көрсөтүү илимий борборуна жеткирилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: