Menu

“Эски аянтка” Усубалиевдин бармагы да батпайт

Бөлүшүү:

Даанышман мамлекеттик ишмер, улуу гуманист жана интернационалист, Кыргыз Эл Баатыры Турдакун Усубалиевдин сиңирген эмгегине өлкөнүн Президенти өтө жогору баа берип, атайын жарлык менен анын 100 жылдык мааракесин эң бийик мамлекеттик деңгээлде өткөрүү демилгесин көтөргөн, Кыргыз парламентинде аны менен катар иштеп, батасын алгандыгын айтып келет. “Турдакун Усубалиевич бүт күчүн элине жана мамлекетине арноонун баа жеткис үлгүсү” деп калкка кайрылуусунда, кайра-кайра баса белгиледи. Элине 75 жыл ак эмгек өтөгөн улуу инсанды жакшы билген замандаштары жана туугандары мамлекет башчысынын мындай калыс баасына терең ыраазыбыз. Себеби, Сталиндин штабында 10 жыл, республиканын биринчи жетекчиси катары 25 жыл ийгиликтүү иштеген адам мурунку СССРдин тарыхында учурабайт. Соңку 100 жылдык тарыхыбыздагы эл башчыларынын ичинен биздин юбиляр тизменин эң башына коюлуп жатышы – кыргыз коомчулугу колдой турган эң туура чечим.

Акылман агабыз Кыргызстандын байлыгын кашыктап жыйнаган сарамжалдуу, үнөмчүл адам болгон. Көзү тирүүсүндө 80, 90 жылдыктарын өткөрүүгө караманча каршы чыккан. Эми 100 жылдыгында элине сиңирген эмгегин эске алып, элесин түбөлүк калтыруу үчүн түзүлгөн Өкмөттүк комиссия: “18-пункттан турган иш-чара кабыл алдык, “Эски аянтка” жана бир белгисиз чокуга атын берели деп жатабыз” деп, муңайгансып жер карап, даңктуу адамдын даражасына татыктуу бир чоң объектини ыйгарууну эмнегедир ыраа көрбөй турганы такыр түшүнүксүз. Темир тосмолор коюлуп, унаа токтотуучу жайга айланган “Эски аянт” менен адамдын буту баспаган белгисиз чоку Усубалиевдин деңгээли эмес.

Советтер союзун соолуттук. Бизден башкалар аты-жытын эчак эле жок кылган Ленин, Свердлов, Октябрь, Биринчи май деген символдор бир да республикада, бир да шаарда калган жок. Мейли, Ленинге тийишпейли, ал кыргызды тукум куруттан сактап калган. Бишкектеги башка үч райондун атын Усубалиевди баш кылып татыктуу адамдарга бербейлиби? Же андан да татыктуу белгисиз бирөө барбы?

Ачык айтышыбыз керек, эл ичинде “Усубалиев Кремлдин “так текеси” болгон” деген пикир да жашайт. Жигитов чыгарган бул сөздү ичинде аласы бар айрым журналисттер жик чыгаргысы келгенде мезгил-мезгили менен атайылап эле эске салып турат. “Так теке” болбогонду Москва жерге житире кагып жиберерин, Союздук республикалардын бардыгынын жетекчилери Кремлден коюлуп, Кремлге кол куушуруп турганын алар билип туруп ушинтишет. Усубалиев тактан түшкөнүнө 33 жыл болуптур. Эгемен болдук, эмне өзгөрдү? Дагы эле Кремлди карап даарат алып, куран-намазыбызды багыштап келе жатпайбызбы. Болбосо, кыргызды кыргынга учураткан ак падыша менен Компартиядан калган “овка”, “евкаларды” ыйык тутуп, айыл кыштактарды атынан козгобой келе жатканыбыздын сыры эмнеде? Ат өзгөртүү чыгымдарын бюджет көтөрө албайт, деген дагы бир куру шылтоо бар. Мекеменин көрнөгүн, мөөрүн, бланкын өзгөрткөнгө жетекчинин бир түштөнгөнчөлүк тыйын кетер.

Урматтуу Юбилейлик комиссия!

Кыргызстанды агрардык аймактан индустриялуу республикага айландырууда, жүздөгөн өнөр-жай ишканаларын, маданий объектилерди, аэропорт, ГЭСтерди салууда эмгеги зор биринчи жетекчи Бишкектин көркүн чыгарып турган азыркы жети кабат Өкмөт үйү менен Тарых музейин Кыргызстанга бөлүнгөн бюджеттен эмес, Кремлде узак иштеген учурда тааныш болуп жүргөн Союздук жетекчилерге кадырын салып, партвзностун жана ишембиликтердин эсебинен өтө чоң каражатка бүткөрткөнүн эске алып койсок.

Усубалиев узак жылдар иштеп жана жашаган Биринчи май районуна жана Тарых музейине анын атын берүү – эл күткөн чыныгы тарыхый калыстык болот, – деген терең ишенимдебиз.

Туугандарынын атынан СССР Журналиспер союзунун мүчөсү, КР маданиятынын, мамлекеттин кызматынын, элге билим берүүнүн мыкты кызматкери, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер А.Молдоканов

Булак: «Факты.kg»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: