Menu

Жээнбеков: Башкы прокуратура ишин натыйжалуу аткара албай жатат

Бөлүшүү:

«Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштө улуттук координатор болуп саналат, бирок азыркы учурда бул милдетин натыйжалуу аткара албай жатат» деп билдирди бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

“Коррупцияны алдын алуу маселесинде дале болсо бирдиктүү аракет болбой, ички карама-каршылыктар, мамлекеттик эмес, ведомстволук гана кызыкчылктар корголууда. Мыйзамсыз жана негизсиз текшерүүлөр көп” деди президент.

Мамлекет башчы ошондой эле “2016-жылы прокуратура 8877 текшерүү жүргүзүп, анын 8% боюнча гана кылмыш иш козголгон. Козголгон иштердин 50% гана сотко өткөн. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн болгону 1,6% боюнча гана сот тарабынан айыптоо өкүмү чыккан, анын ичинен 8 эле иш боюнча айыпталуучу эркинен ажыратылган” деген статистиканы келтирди.

Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйынында сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралып жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: