Menu

Адахан Мадумаровдо да камалуу коркунучу барбы?

Бөлүшүү:

Оппозициялык күчтөр омкорулуп турган чакта Адахан Мадумаров эл менен жолугушууну улантып, парламенттик шайлоонун камын эртелеп көрө баштады. Анын айтымында, мындай аракеттери үчүн бийлик тараптан тоскоолдуктар жаралып атыптыр. Негизинен алганда, Мадумаровдун шайлоого катышууга каражаты жок, бирок ал өзүнүн 100 миң чамасындагы электоратын бетке кармап, башка таасирдүү саясый күчтөр менен «соодалашса», капчыктууларга биригүү үчүн кадам таштаса, парламентке келүү шансы жаралат. Эгерде эмдиги жылкы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодон Мадумаров дагы өтпөй калса, анда саясат карьерасына катуу сокку урулары, элдин да үмүтү өчө турганы жашыруун эмес. Андыктан, “Бүтүн Кыргызстандын” лидери бул жолу жан аябай күрөшөрү күтүлүүдө. Иш жүзүндө оппоненттерге жакпайт дечи, баягы Каркыранын казактарга кетишин эске салып (агезде ЖК спикери болуп, ратификациялап бергени жалганбы?), бетине чиркөө ишти дагы козгошу ыктымал. Күч органдары Мадумаровдун артынан илинчек таап калышы да мүмкүндүгү тар чөйрөдө айтылууда. Соңку убакта саясатчылардын камалышы жаңылык деле болбой калбадыбы. “Кайырмакка илинсе” шайлоого жетпей кете береби?..

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: