Мамлекеттик салык кызматы унаа, турак-жай, батир жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин салыктарды төлөбөгөндөрдү табуу боюнча рейддик иш- чараларды жүртүгө баштайт. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзамга ылайык салыктык милдеттенменин негизги суммасынан тышкары салыкты мөөнөтүндө төлөөгө жетишпей калган транспорттун, турак жайдын жана жердин ээлери административдик айып акы, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 2-сентябрына чейин транспорт, турак үй, батир жана жер салыгын төлөө зарыл.
Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда, жеке жактарга 100 сом, юридикалык жактарга – 500 сом өлчөмүнде административди айып салынат.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ