Menu

Калиловду кайра кызматка алып келген келишим

Бөлүшүү:

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден кинин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ордуна Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия темир жолун куруу демилгесин көтөргөн. Бирок бул демилгеге эч кайсы тараптан колдоо болгон эмес. Мындан соң кыргыз бийликтери кайра Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун жактап, жаңы маршрут сунуштаган. Темир жолду куруу боюнча демилгелер Өзбекстанда бийлик алмашкандан бери күчөп, президент Сооронбай Жээнбеков да утур-утур көтөрүп келет. Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Кытайды Европа менен байланыштыра турган темир жол долбоору боюнча жагдайды кыргыз өкмөтүндөгү акыркы дайындоо эске салды.

Тактап айтканда, буга чейин транспорт жана жолдор министри болуп эмгектенип, орун басары ири пара менен кармалган соң иштен кеткен Жамшитбек Калилов өткөн жумада “Кыргыз Темир жолу” мамлекеттик ишканасынын алдындагы темир жолду долбоорлоо дирекциясынын башчысы болуп дайындалды. Калилов бул кызматка келишимдеги негизги максат Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорду алдыга жылдыруу экенин айтат. “Министрликтен темир жолду куруу актуалдуу экенин көтөргөнбүз. Былтыр орус темир жолу менен болжолдуу техника-экономикалык негиздемесин долбоорлоо боюнча келишим түзгөнбуз. Мен министрликтен кеткенден кийин орустар техникалык-экономикалык негиздемесинин долбоорун бүтүптүр. Кыргыз тараптан тийиштүү министрликтер талкуулаган экен. Аларга материалдар кетиптир. Азыр эми жооп келет” – дейт Калилов. Негизи Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгесм 2000-жылдардын башында эле көтөрүлсө да ишке аша элек. Жаңы кызматка дайындалган Калилов каржы маселеси кандай чечилээрин ачык айта алган жок.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: