Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы аскерге чакырылган жоокердин өз жанын кыюусу боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, өзүн-өзү өлтүрүү фактысы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Суицидге жетелөө” беренеси боюнча катталган.
Белгилүү болгондой, 22 жаштагы жоокер Бүргөндү айылындагы чек ара заставасында кызмат өтөгөн. 30-августта саат 22:00 чамасында ал асылып турган жеринен табылган. Жаш жигит жаз айында Ноокат районунан чакырылган. Экспертизалар дайындалып, Аскер прокуратурасы маркумдун кесиптештери менен кандайдыр бир коркунучтуу мамиледе болгон-болбогонун текшерип жатат.
Эске салсак, Жалал-Абад шаарында Чек ара кызматынын No 2027 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери асынып алган. Факты боюнча кызматтык иликтөө дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ