Menu

АКШда таажывирус илдетинин кесепетинен акыркы бир сутка ичинде 1736 адам каза болду

Бөлүшүү:

АКШда таажывирус илдетинин кесепетинен акыркы бир сутка ичинде 1736 адам каза болуп, сутка ичинде бул оорудан каза болгондордун саны боюнча рекорд койду. Бул тууралуу Джонс Хопкинс университетинин билдирүүсүнө таянып дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Буга чейин бул инфекциядан сутка ичинде эң көп каза болгон учур 4-апрель күнү катталган. Анда ушул эле өлкөдө 1 миң 344 адам каза болгон.

Америка Кошмо Штаттары таажывирус жуктурган адамдардын саны боюнча 1-орунда турат. АКШда 400 миңден ашык адам таажывирус илдетин жуктурган, 12,8 миң адам каза болсо, 22 миң 224 адам айыгып чыккан. Көз жумгандардын ичинен 4009 адам Нью-Йорктун жашоочулары болчу.

Ал эми дүйнөдө бул илдетти жуктургандардын саны 1 млн 400 миңден ашты. Коронавирус дүйнөнүн 184 өлкөсүндө катталды.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: