КСДПнын лидери Сагынбек Абдрахманов КСДП фракциясынын депутаттары Иса Өмүркулов, Элвира Сурабалдиева, Кожобек Рыспаев, Гүлкан Молдобекова жана Анвар Артыковго карата КРнын “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзамын бузуп жатышат деп даттануу менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды.
Анын айтымында, бул нормага ылайык, “КРнын жараны бир гана партиянын мүчөсү боло алат”.
Абдрахмановдун башкы талабы – жогоруда аталган депутаттар КСДПнын мүчөсү болушкандыгына карабастан, башка партиялардан парламентке аттанышууда.
Алар КСДПнын төрагасы С.У.Абдрахмановго КСДПнын мүчөлүгүнөн чыгуу жөнүндө эч кандай арыз беришкен жок, ошондой эле КСДП парламенттик фракциясынын чыгып кетиши жөнүндө билдиришкен жок.
“Мекеним Кыргызстан” жана “Социал-демократтар” саясий партияларын жогорудагы мыйзам бузууларды оңдоону, эгерде алар оңдолбосо, анда ушул КСДП мүчөлөрүн “Мекеним Кыргызстан” жана “Социал-демократтар” партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгарып салууну милдеттендирүүнү суранам ” – деп жазган ал өзүнүн катында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ