Menu

Самарбек Сабыржан уулу, Кыргызстандын джиу-джитсу федерациясынын жетекчиси: “Джиу-джитсу аркылуу улуттук желегибизди желбиретип, кыргыздын күчтүү калк экенин тастыктап, даңазалагым келет”

Бөлүшүү:

Джиу-джитсу (япон тилинен которгондо “жумшактыктын өнөрү”) – биринчи япон тарыхындагы Сэнгоку доорунда пайда болгон. 1532-жылы Мимасака провинциясынын өкүмдары жана аскер тактиги Хисамори Такэноути ар түрдүү аскер искусстволорун бириктирип, аны курал жардам бербеген жакын аралыктагы салгылашууларда пайдаланган.

Кытай же Корей мушташ өнөрлөрүнөн айырмаланып, япондордун кол күрөш техникасы атаандашын күтүүсүз соккудан жарактан чыгаруу, муунтуу аркылуу жеңүүгө үйрөткөн. Себеби алар күч менен багытталган соккулар аскер кийимдерин кийип алган атаандаштарга анча таасир бербестигин мыкты түшүнгөн. Ошентип, джиу-джитсу өнөрү пайда болгон. Анын айрым тактикалары бычак же кылычтан буйтап өтүп, атаандашына каршы эффективдүү туруштук берүүгө жол ачкан. 17-кылымда Эдо доорунда аскердик кагылышууларга каршы катаал мыйзамдар кабыл алынып, мунун натыйжасында джиу-джитсу өнөрү өнүгө баштайт. Куралдар, аскер кийимдер керектен чыккан. Мындай шартта атаандашына каршы күрөшүүнүн башка жолдору кубатталган. Кытайдан келген элчилер ушу сыяктуу өнөрлөрдү алып келишкен, анын да айрым жерлери джиу-джитсуга кирип кеткен. Акырын барып, джиу-джитсу техникасы адамдагы таасирдүү точкаларга таамай сокуу жасап, атаандашын жеңүү жагына оогон. Ошол убакта джиу-джитсу мектептеринин арасындагы мелдештер өтө кызыгууну жаратып турган. Джиу-джитсунун башкы принциби – “жеңүү үчүн тикелей каршылыкка барбоо”, б.а. каршылашынын чабуулуна жооп бербей, утулуп бараткандай түр көрсөтүү менен капканга түшүрүп, чечүүчү соккуну жасоо менен утуу. Япон дарыгери Сиробэе Акаяме чоң дарактардын бутактары катуу шамалга же калың карга туруштук бере албай сынса, талдын бутактары ийилгени менен, кайра калыбына келип, сакталып каларын байкаган. Джиу-джитсуну талга салыштырган дарыгер биринчи мектепти ачкан, ал Ёсин-ру же “Талдын мектеби” аталган.

Учурда бул мушташ өнөрү дүйнөдө абдан популярдуу. Дүйнө биринчиликтери милилондогон аудиторияларды чогултууда. Аны олимпиада оюндарынын курамына киргизүү жагы да талкууга алынууда. Мына ушул өнөр бизге да көрсө жетиптир. Тарыхта биринчи жолу Кыргызстандын джиу-джитсу федерациясы түзүлүп, жакынкы күндөрү эл аралык мелдеш өткөнү турат. Федерацияны ачууну демилгелеген, өзү джиу-джитсу боюнча бир катар эл аралык мелдештерди жеңип алган патриот мекендешибиз Самарбек Сабыржан уулун кепке тарттык.

– Самарбек, мушташтын бул өнөрүнө кайдан кызыгып жүрөсүң? Кыргызстанда бул өнөр боюнча федерация ачууга эмне түрткү болду?

– Мен баштап джиу-джитсуну телевизордон көрүп, кызыгып жүрчүмүн. Ultimate Fighting Championship (UFC) – деген бар, ал аралаш уруш искусстволору боюнча америкалык башкы уюм, анын эгидасы аркылуу уюштурулган мелдештерди жалаң эле джиу-джитсу чеберлери жеңип атканын көрүп, таасирденчүмүн. Башка бир да уруш өнөрүнөн мынча чемпион чыкпаса керек. Ошентип жүрүп, бир убакта Казахстандын борбору Астана шаарына барып калдым. Өзүм кыргыз күрөшү, эркин күрөш менен алектенчүмүн. Ошондуктан, спортко абдан жакын болгондуктан, Астанада да спортзал издей баштадым. Ошентип олтуруп “Астана спорт комплекси” деген жазууга көзүм чалдыгып, ичине кирсем, спорттун бардык түрү бар экен: самбо, дзюдо, бокс ж.б. Мен чынын айтсам, кичинекейимден абдан шок бала элем, ошондуктан мага уруш өнөрлөрү жакын. Көрсө, ошол жерде джиу-джитсу боюнча да секция иштейт экен. Сураштырсам, окутуучусу Эрлан Жумадилов агай экен, андан “катышканга болобу?”- деп сурадым. Ал мени бир сыйра карап: “азыр баштасаң болот”,- деди. Буга чейин күрөшүп жүргөндүктөнбү, бат эле өздөштүрүп, болгону 2 айдай убакыттан кийин эле мелдештерге катыша баштадым. Өтө тездик менен Астана шаарынын чемпиондугун утуп алганым жеке мага күтүүсүз болду, буга байланыштуу 2012-жылкы Казахстан биринчилигине жолдомо алдым. Атаандаштарым күчтүү, ошого карабастан джиу-джитсунун өзүнө таандык философиясын карманып атып, бул өлкөнүн чемпиондугун да жеңип алдым. Чет жерден барып, ушундай жетишкендикке туш болгондугум менин кийинки кадамдарыма да дем-күч берип олтуруп, самбо, грепплинг, кол уруш боюнча чемпиондукту багындырып алдым. Ошондо мен: “эгер менин колумдан келсе, эмнеге башка мекендештерим муну багынтыра албайт”,-деген ойдо болуп, патриоттук сезимим ойгонуп, 2013-жылдан баштап кыргыз балдарды өзүм менен кошо машыгууга тартып, кызыктыра баштадым. Мен алайлык кыргызмын, (тактап айтканым үчүн кечирип койгула, мен үчүн бир эле мекен бар, ал – Кыргызстан) Астанада жердештеримдин ар айдын 1инде жыйналышы бар эле. Ошого барып, жакшы ишке демөөрчү издедим, алар да дароо колдоп, “Кырк чоро” деген аталышта зал ачтык. Мунун арты менен кыргызстандык балдардын мелдештерге чыгуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бирок өзүм эл аралык мелдештерге Казахстандын атынан чыгууга аргасыз элем. Ошондо, Кыргызстандын командасын дүйнөлүк аренадан көрө албай, “буюрса, өз өлкөмө барып, джиу-джитсу федерациясын ачып, биздин балдар өз желегибизди көтөрүп чыгабыз”- деген ойго келдим. 2014-жылы Грецияда дүйнөлүк биринчилик болуп калды, анда да Кыргызстандын командасы жок. Андан кайтып келерим менен бул ишти жүзөгө ашырууну колго алдым. 2 жыл болду, Казахстанга барып-келип иштеп аттык, ортодо кичи мелдештерди бизде өткөзүп аттым. Жалпысына акыркы 1 жыл ичинде 5 жолу чоң мелдеш өткөздүк, мунун натыйжасы – джиу-джитсуга кызыккан жаштарыбыз көбөйө баштады.

– Жеке өзүң шок болгонуң менен, көчөдө жүргөн жериңден кулагыңдан чоюп туруп спортко алып келген бирөө болгондур да?

– Мен 1994-жылы 17-апрелде Ош областына караштуу Алай районунун Корул айылында төрөлгөм. Атам менен апам бир айылдан болушат. 4 бир тууганбыз: 2 уул, 2 кыз. Менден улуу агам бар, анан 2 карындашым. Тилекке каршы, атам менен апамдын ажырашып кеткенине байланыштуу, мен тайенемин колунда Кутчу-Уруу айылында чонойдум. Таекелерим мени эч качан “жээн” деп кордобой, тескерисинче ,бир тууган кылып чоңойтушту. Менин спортко келгенимдин себеби да эң кичүү тайекем Мелис болду. Ал мага кичинекейимден күрөш өнөрүн үйрөтүп, тойлордо чоң мелдештерге алып барып, күрөшкө салып жүрдү. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланым, сиздердин гезитиңиздер аркылуу, мени чоңойткон тейенеме, таекелериме, айылымдагы туугандарга жана мага билим эшигин ачкан кымбаттуу мугалимдериме терең ыраазычылыгымды билдирем. Ошондой эле мага чоң жетишкендиктерге жетишүүмдө жөлөк-таяк болгон машыктыруучуларым Мелис Кадыров, Үсөн агай жана Эрлан Жумадилов агайларга терең таазим менен ыраазычылык билдирем.

– Кыргызстанда спорттук федерациялардын артында бай адамдар же аттуу-баштуу министрлер турат. Анан көбү акча табуунун гана камын ойлошот. Бул жаңы түзүлгөн федерацияңарды кантип каржылайсыңар эми?

– Ооба, айрымдар федерация десе эле, акча табууну гана ой кылган бир ууч топту элестетип калышыптыр. Бирок жеке менде андай ой жок. Менин максатым – элге таанылып, же болбосо байыш эмес. Максатым – мыкты  балбандарды даярдап, джиу-джитсу аркылуу кыргыз элимдин желегин желбиретип, кыргыздын кандай күчтүү калк экенин тастыктап, даңазалагым келет. Мисалы, өйдөдө сөз кылган “Кырк чоро” спорт кулубун ачууга 500 миң сом, джиу-джитсу федерациясына 2,5 миллион сом өз каражатыман жана кыргыз дегенде ичкен ашын жерге таштабаган агаларымын, досторумдун жардамы менен кетирдим. Айрымдар мага: “анча ачканы кетирип эмне кыласың?”- деп айтып калышат. Эгерде мен жеке керт башымдын кызыкчылыгын ойлосом, ал акчаларды өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн керегине жаратсам болмок. А бирок андай кылган жокмун. Анткени менин жүрөгүм кыргыз жана спорт деп согот! Буйруса алдыда максаттарыбыз көп,  аманчылык болсо кыргыз элим үчүн көптөгөн жеңиштерди алып келебиз! 15-октябрда Бишкекте “Король партера – Кыргызстан” аталышында өлкөбүздүн чемпионаты старт алганы турат. Мындай мелдештер буга чейин 5 ирет өткөн, бирок масштабы жагынан алдардан кыйла айырмаланат, катышууну көздөгөн спортчулардын катары калыңдады. Анда 1-2-орунду алган балбандар Варшавада өтө турган биринчиликке жолдомо алышат. А баш байгеге автоунаа коюлууда. 2-декабрда ушул эле борбор калаабызда жаштар арасында Кыргызстан биринчилиги өтөт. 17-27-декабрда атайын машыктыруучуларга арналган чоң мелдеш болот, баш байгеси 300 миң сом.

Справка иретинде:

Самарбек спорттун бир катар, самбо, грепплинг, кол уруш, джиу-джитсу боюнча Астана шаарынын жана Казахстандын көп жолку чемпиону. 2013-жылы Алматыда джиу-джитсу боюнча, Карагандыда самбо боюнча Казахстан кубогун уткан. 2014-жылы Талды-Коргондо өткөн джиу-джитсу боюнча Казахстан чемпиондугун уткан. Кол уруш боюнча ушул эле жыл Азия чемпиону болгон. 2015-жылы джиу-джитсу боюнча Азия чемпиондугун багындырган.

Булак: “Майдан.kg” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: