Menu

Жакында Кыргызстанга Россиядан пландалган гуманитардык жүк келет

Бөлүшүү:
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефондук сүйлөшүүсүнүн жана жөнөтүлгөн өтүнүчтүн алкагында Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасына гуманитардык жардамы өлкөгө жакынкы убакта жеткирилет. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Россиялык тарап гуманитардык жардам иретинде Кыргызстанга 31 ИВЛ аппарат, 70 керебеттик монитор, 5 көчмө рентгенаппарат, 6 ультра үн жабдуусу жана жеке коргонуучу каражаттарды (0,5 млн хирургиялык беткап) берет.
Бул тууралуу 2020-жылдын 17-июлунда Минскте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуунун алкагындагы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: