Сооронбай Жээнбеков шайлоо учурунда теледебатта “Менде 35 коррупциянердин тизмеси бар” – деген эле. Шайланып келсе ошолорду кустурганга убада берген. Эл алар кимдер деп чыдамсыздык менен күтүп жатат. Эми коррупционерлерге күрөш ачсаңыз, учурда коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, бирок кылы кыйшайбай басып жүргөн “Бир Бол” фракциясынан депутаттар Акылбек Жапаров, Игорь Чудинов, Исхак Пирматов өндүрүүлөрдөн биринчи баштаңыз. Ошондо сиз чыныгы акыйкат жетекчи катары эл алкоосуна татыйсыз. Сиз камайм деген коррупционер акыл айтып Жогорку Кеңеште отурганын сиз деле туура көрбөсөңүз керек. Же мага шайлоодо иштеп берди эле деп “бармак басты көз кысты” кылып, көз жуумп коёсузбу? Анда эле ээрге кыйшык отурган болсоуз.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ