Menu

Ысык-Көлдө агасынын кекиртегине бычак сайып, сөөгүн өрттөп жиберген аял 22 жылга эркинен ажыратылган

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облустук сотунун коллегиясы агасыг өлтүргөн аялды 22 жылга эркинен ажыратуу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Өкүм үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде жарыяланган.

Бул окуяны кыскача айта кетели. 1984-жылы туулган Айнура (ысымдар өзгөртүлдү) 2017-жылы 18-сентябрда болжол менен саат 23:00дө Жети-Өгүз районундагы иниси Кайрат жашаган айылга барган.

Ал Кайраттан каза болгон бир тууганы Айбектин аялына үйдү жаздырууну талап кылган. Бирок, Кайрат андан баш тартып, экөө уруша кеткен. Айнура Кайратка геморройго каршы дары алып келгенин айтып, ага ийне сайат. А чындыгында Айнура инисине уктатуучу дарыны (димидрол) сайат. Кайрат уктагандан кийин Айнура аны колу-бутун скотч жана зым менен байлап салат. Ал уйкудан ойгондон кийин Айнура аны ургулап, үйдү келинине жаздырып берүүнү талап кылат. Бирок Кайрат ага макул болбойт. Ошондон кийин Айнура аны үтүк менен башка-көзгө ургулап баштаган. Агасы уруп-сабоодон кутулуунун максатында, ал каза болгон Айбектин экинчи аялын кокусунан өлтүрүп, анын сөөгүн жашырган жерин көрсөтүүгө даяр экенин айтып, окуяны оюнун чыгарат. Андан кийин Айнура колу-буту байланган агасын унаага отургузуп, келинин сөөгү коюлган жерге жөнөшөт.

Алар айылдан чыгып, тоо тарапты көздөй барып, Көл-Кечүү көлмөсүнүн жанынан токтошот. Айнура инисин бошоткондо, Кайрат ага кол салып, экөө мушташа кеткен. Кайрат качып кетүүгө аракет жасаган. Бирок, Айнура бычакты ала калып, бычакты кекиртегине сайып, андан кийин денесине дагы бычак урган. Кайрат кулагандан кийин үстүн жууркан менен жаап, анын сөөгүн өрттөп салган.

Андан кийин Айнура Кайраттын унаасын Чолпон-Атага айдап барып, жолдошу Ырыскелди менен уулуна Кайрат үйдү берүүдөн баш тартканын, үйдүн ордуна автоунаасын берди деп айткан. Алар унааны сатыш үчүн Бишкекке жөнөшөт. Борборго жеткенден кийин гана Айнуранын күйөөсү жана уулу Кайраттын өлтүрүлгөнү тууралуу билишет. Ошондо Айнура унааны “Бета-Сторестин” унаа токтотуучу жайына токтотуп, күйөөсү жана баласы менен Казакстанга чыгып кетишкен.

Сот залында соттолуучу Кайрат ага кол салгандыктан, коргонуу максатында өлтүргөнүн айткан. Ал соттон жазаны жеңилдетип, шарттуу түрдө кесүүнү суранган.

2018-жылдын ноябрь айында Жети-Өгүз райондук сотунун судьясы Айнураны 22 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кескен.

Соттолуучунун адвокаты райондук соттун өкүмүнө кассациялык даттануу берген. Ал тергөө органдары аялды ата-энелик укугунан ажыратып, баланы балдар үйүнө өткөрүп берем деп коркуткандыгын айтып, ишти кайра кароого жөнөтүүнү суранган. Ысык-Көл облустук сотунун сот коллегиясы  иштин материалдарын карап чыгып, өкүмдү күчүндө калтырган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: