Кечээ, 15-майда “Манас” эл аралык аэропорту Санкт-Петербург – Бишкек чартердик рейси менен учуп келген кыргыз жарандарын тосуп алды. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда коронавиурска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Алардын айтымы боюнча, чартердик рейс менен 156 кыргызстандык учуп келген.
Белгилей кетсек, бул жумада Бишкекке Москвадан 147 жаран, Катардан жана Кувейттен 107 жаран, Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан 59 жаран, Япониядан жана Кореядан 43 адам жана Түркиядан 330 кыргызстандык кайтап келген. Ошентип, бул жумада 842 кыргызстандык мекенине кайтып келди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ