Menu

Мамкаттоодогу коррупция качан тизгинделет?

Бөлүшүү:

Жыл башында Президент бир катар чалажан, шалаакы министрлердин ишин сынга алып, анын арасында Мамкаттоо кызматындагы коррупция менен шалаакылыкка өзгөчө басым жасаган. Көсөм киши туура баамдаган окшойт, минтип көп өтпөй алардын бетпардасы ачылып калды.

Кыргызстанда биометрикалык ID карт же ички паспорт 2017-жылдан бери берилип кеkген болсо, быйыл биометрикалык же электрондук паспорт берүү бслгиленгtн. Ага кетүүчү каражатты Мамкаттоо кызматы 1 миллиард 263 миллион сомго баалап, электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча былтыр тендер жарыяланган. Тендерге беш чет өлкөлүк компания катышып, Германиялык “Muhlbauer ID Services” компаниясы 686 миллион 250 сомго,”Veridos” аттуу дагы бир немис компаниясы 936 миллион 347 миң 750 сомго, Литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы 940 миллион 150 миң сомго, Франциялык «IDЕМІА Frаnсе» ишканасы 948 миллион 713 миң 750 сомго, Казакстандын Улуттук банкынын Банкноттук фабрикасы 1 миллиард 257 миллион сомго сунуш берген.

Логика боюнча эң арзан бааны сунуштаган компания жеңүүчү деп табылыш керек, бирок баягы жең ичинен жүргөн иштин жыйынтыгы менен түшүнүксүз жагдайда тендерди литвалык «Гарсу пасаулис» компаниясы утту деп табылган. Тактап айтканда, эң төмөн бааны, 686 миллион сомду сунуштаган Германиялык компания чекеге сүрүлүп, 940 миллион сомго баалаган литвалык компанияга ыйгарган. Ортодогу айырма чакан сумма эмес, 253 миллион сом. Коомчулук буга оозу ачылып, эмне деген жемкорлук деп жакасын кармаган. Анткени булар эч кимден айбыгып койбостон, көз көрүнө уурулук кылып жатканы ачык көрүнүп турбайбы. Мындайды дароо желкеге чаппаса, мамлекет хаоско айланары турган иш.

Массалык маалымат каражаттарында бир нече ирет айтылгандан кийин тергөө органдары көңүл буруп, Мамкаттоонун былыгын чукуп чыкты. Көрсө, мурдагы жана азыркы иштеп жаткан айрым жетекчилердин бир нечеси тендерден утуп алган компапиянын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болуп, алардын эсебинен бир нече ирет чет өлкөгө барып келиптир. Факты ачыкка чыгары менен Башкы прокуратура «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, паспортко бланктарды даярдоо боюнча мыйзам бузуудан мамлекет 253 млн. 377 миң сом зыян тартканын айтты. Көп өтпөй үч жетекчини, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» ишканасынын башчысы Талант Абдуллаевди эки айга камады.

Баса, тендер өткөрүүгө түздөн-түз тиешеси бар 15 адамдын аты-жөнү аталып, алардын арасында Мамкаттоонун азыркы жетекчиси Алина Шаикова, анын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Айнура Туйбаева, статс-катчы Данияр Бакчиев, Мамкаттоонун мурунку төрагасы, президенттин кеңешчиси Дастан Догоев, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын Кыргызстандагы өкүлдорү жана КЛООПтун журналисти Анна Капушенко бар экени айтылууда. Негизи, бул тармак өтө чоң коррупцияга батып калганы канчадан бери тынбай айтылып келет. Бирин кетирсе, экинчиси кайра ошону кайталап жаткан маалы. Тайырбек Сарпашев дагы бир нече кылмыш ишин мойнуна илип кеткен. Азыр дагы жемкорлук токтогон жок.

Мыйзамсыз берилген кыргыз паспорттору улам калкып чыгууда. 2010-жылдан кийин Турцияда 100гө чукул кытай жараны кыргыз паспорту менен Турциянын аэропортунда кармалган. Бул фактылар дагы өтө чоң коррупцияны тастыктап турат. Ал ортодо террорго шектелгендерден да кыргыз паспорттору табылды. Тактап айтканда, Украинада террордук чабуул уюштуруу үчүн шектүү катары кармалгандардын экөөнөн Кыргызстандын паспорту чыкты. Суракта алардын бири паспортторду Москвадан алышканын божурашууда. Бул биздин мамлекетибизге урулган сокку десек жаңылышпайбыз. Кыскасы, Мамкаттоону тыкыр тазалап, баштан-аяк жаңы кадрларды койбосо болбой калды.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: