Menu

Ишкерлер менен инвесторлорду коргой алабызбы?

Бөлүшүү:

Бишкектин «Мадина» базарындагы аты уйкаш кафенин ээси, жеке ишкер Хуфур Абдурахеманды уурдап, мыкаачылык менен анын өмүрүн кыйган кылмышкердердин аракети коомчулукта чоң резонанс жаратып турган учур. Бул окуяны айрымдар мамлекеттеги коомдук коопсуздуктун начардыгы, милициянын кылмыш дүйнөсүн көзөмөлдөөдөгү алсыздыгы жана криминогендик кырдаалдын курчушу катары баалап жатышат.

Албетте, ишкерди Бишкектен уурдап, анан Кочкорго алып барып көзүн тазалоо уюшкан кылмыштуу топтун гана колунан келди, – деген ой басымдуулук кылат. Ишкерлерден акча талап кылууга кынык алган уюшкан топтор үчүн мындай адат көнүмүшкө айланып, буга чейин деле бир нече адамдарга, алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттарына чейин кол салуулар болгон.

Ал эми мамлекеттик саясатта өлкөгө инвестиция тартуу, инвесторлордун коопсуздугун камсыздоо маселеси көтөрүлүп келет. Бирок жогорудагы кылмыш окуясын мамлекет саясатындагы экономикалык маселеге карата диверсия катары карасак болот. Мындай жагдайда өлкөбүзгө кайсы чет элдик ишкер келип, экономикабызга инвестиция салгысы келсин?

Экинчиден, бул мыкаачылык ишке мурдагы эки милиция кызматкеринин аралашып жаткандыгы кооптонууну ого бетер тереңдетет. Анткени, биздин укук коргоо органдары инвесторлордон ар кандай шылтоолор менен “шапка” гана талап кылбастан, керек болсо уурдап алып барып өлтүрүп салууга да жөндөмдүү деген ойлорду жаратышы мүмкүн. Ишкерлердин жеке коопсуздугуна болгон кепилдиктер мамлекеттик тиешелүү органдар тарабынан так көзөмөлгө алынбаган өлкөдөн тескерисинче, ишкерлер чөйрөсү бизнесин сыртка чыгарып кетүүгө шашат.

Мына ушул жерден бир ай мурда массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка таркаган, чет элдик ишкерге байланыштуу дагы бир жагымсыз окуя аргасыздан эске түшөт.

2003-жылы Кыргызстанга келип, мыйзам чегинде ишкерлик менен алектенип баштаган Корея Республикасынын жараны кыргыз кызы Р. Жга үйлөнүп, 2 уулдуу болушат.

2018-жылы июнь айында ишкердин жубайы ага билдирбей туруп эле Октябрь райондук сотуна кайрылып, Октябрь райондук соту сырттан чыгарылган чечими менен ал экөөнүн ортосундагы никени ажыратып койгон.

Бүгүнкү күндө жабырлануучу катары кыргыз укук коргоо органдарына арыз менен кайрылып жүргөн чет элдик ишкердин ою боюнча, жубайы сотту алдап, адаштыруу максатында жалган документтерди көрсөтүп, сырттан чечим чыгартып алган. Ал кандайдыр бир жолдор менен документтерди даярдап, нике учурунда арттырган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү, компанияларды башка адамдардын атына өткөрүп берген.

Албетте, чет элдик ишкердин Кыргызстандан адилеттик таппай, укуктары тебеленип жаткандыгы башка дагы чет элдик жарандарды, ишкерлерди, инвесторлорду күмөнсүнтүшү толук мүмкүн. Андыктан мындай учурда сот, прокуратура органдары фактыларга кылдат иликтөө жүргүзүп, адилет баасын бербесе, Кыргызстандын аброю дүйнө коомчулугунун алдында төмөндөй бериши шексиз.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: