Menu

Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочу: “Акчага сатылып, акцияга чыккандан көрө өлгөн артык”

Бөлүшүү:

Коомчулукка бөтөнчө жүрүш-туруш, өзгөчө кадамдары менен белгилүү болгон бул инсанды азыноолак кепке тарттым. Жарыктык кишинин өзгөчөлөнгөн көз караштары гезит окурмандары үчүн да кызык болсо керек.

— Өндүрүш мырза, кыш күрөөдө суук күчүнө киргени жалгыздап митингге чыкпай калдыңыз. Жаз келери менен көнгөн ишиңизди баштайсыз да ээ?..

— Мен үчүн мээ кайнаткан ысык жай болобу, же ооздон буу чыгарган суук болобу, эч кандай роль ойнобойт. Азыр бийлик тараптан жан кашайткан кемчиликтер кетип жаткан маалда өзүм пландаган акцияларга чыга албай, буулугуп отурам. Себеби, адегенде грипп деген балекет менен оорудум. Апама да жугузуп алган окшойм, акыры ал кишинин саламаттыгы үчүн алпуруштум. Учурда Кудайга шүгүр, табына келген аргымактаймын. Эми акцияларга чыга баштайм.

— Сизге карата “Өндүрүшкө каражат төлөсөң каалаган нааразычылык акцияңа жалгыздап чыгып берет” деген эл оозундагы кептердин канчалык чындыгы бар? Мындай шартта “өздүк ставкаңыз” да барбы?

— Бул эми карандай калп, тек гана айрымдардын былжыраган, сандырактаган кептери да. Болгону мени билбегендердин жөө жомоктору. Акчага акцияга чыккандан көрө өлгөн артык.

— Дегеле буга чейинки өткөргөн нааразычылык акцияларыңыз үчүн кимдер бирөөлөрдөн сый акы же “гонорар” алып көрдүңүз беле?..

— Кудай сактасын. Андай “сый акылары” өздөрүнө эле буюрсун.

— Өзүңүз тууралуу коомчулукка кеңири маалымат берип койбойсузбу?..

— Кесибим боюнча журналистмин. Карыган апамды карайм. Ал киши абдан сабырдуу, момун, эч оорчулугу жок. Ага карабай кээде жакын, жакшы адамдарды чакырып, апамдын жанына таштап, чыдабай пикетке кете берем. Коомдогу адилетсиз жагдайларды угуп, көрүп отуруп, тынч жатып алуу менин позицияма кирбейт.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: Азия Ньюс 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: