14-июнда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Ихтиёр Абдуллаевдин камакка алынганын расмий ырастады.
Мекеменин маалыматына караганда, Абдуллаев менен анын орун басары Эгамовго, ошондой эле дагы онго жакын кызмат адамына каршы «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» жана «Пара алуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон.
«Бул кылмыш иште мурдагы жогорку кызматтагы бир нече адам бар болгондуктан, көптөгөн маалыматтар ачык айтылбайт», — деп жазылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.
53 жаштагы Ихтиёр Абдуллаевдин камакка алынгандыгы тууралуу быйыл февралда «Эркин Европанын» өзбек кызматы өз булактарына таянып кабарлаган.
Абдуллаев өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын башчылыгына 2018-жылы январдын аягында дайындалган. Ага чейин өлкөнүн башкы прокурору жана президенттин мамлекеттик кеңешчиси кызматтарында иштеген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ