Menu

Тынчтык Шайназаров, ЖК депутаты: “Чек ара кызматы Баткенге көчүрүлсө элге моралдык дем бермек”

Бөлүшүү:

– Тынчтык Ураимович, “чек ара кызматын Баткенге көчүрүш керек” деген сунушуңузду негиздеп берсеңиз?

– Реалдуулукту караш керек да. Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек арада проблема жок. Чек ара аныкталган, такталган. Кытай менен да маселе чечилген. Бизде проблема түштүктө, Баткен жана Ош облустарында. Айрыкча Баткенде. Ошон үчүн чек ара кызматынын жетекчилиги ошол жакта болушу керек. Жыл сайын чек арада жыйырмага чейин чыр-чатак чыгат. Конфликт болор замат чек ара кызматынын жетекчиси, орун басарлары, башкармалыктын жетекчилери самолет менен учушат. Аларды ал жакта тосуп алышат. Кыдыртып, кайра узатышат – мунун баары чыгым. Эгер чек ара кызматы ошол жерге жайгашканда, биздин элге дагы моралдык жактан дем берет эле. Кошуна Тажикстандын Согди облусунун жетекчилиги менен такай байланышта болуп турганга да шарт түзүлмөк. Өткөн чакырылышта депутат болуп турганда чек ара кызматынын жетекчисине ушундай сунушту айтсам, мага “ал жакта мүмкүнчүлүк жок” деп жооп жазып ийиптир. Кандайча мүмкүнчүлүк жок? Сен адегенде бар, ал жерде имараттар толтура. Бир жерге батаарсың. Болбосо өкмөт жаңы имарат куруп берет.

– Ал жакта инфратүзүм бар дейсизби?

– Албетте, бар. Ал жерге ашып кетсе 10-15 адам бараар. Жок болсо бир имарат куруп койсо болот. Мамлекеттик органдар иштеп эле атпайбы. Айтор, бул чечиле турган эле маселе. Ушунча жылдан бери командировкага кеткен чыгымдарга эле эчак куруп койсо болмок.

– Чек ара маселесин чечүүнүн дагы башка кандай жолдорун көрөсүз? 

– Жерлерди алмаштырыш керек. Эң чоң проблема – бул Ворух анклавынын тегерегинде. Тажикстан, албетте, анклавдын өзүнүн аймагы менен биригишин каалайт. Бирок, эл аралык тажрыйба деген бар. Дүйнөдөгү башка мамлекеттер анклав маселесин чечкен да. Ошол практиканы карап туруп, анан эки мамлекет дипломатиялык жок менен сүйлөшүп чечүүгө тийиш. Тирешүү жакшылыкка алып барбайт. Минтип эки тараптан тең адам өлүп атса, жакшы эмес да. Чек араны тактап албасак, абал кыйын боло берет. Канчалык оор болбосун, алмашууга барыш керек.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: