Menu

Жогорку Кеңеш президенттин Бишкек шаарына өзгөчө абал режимин киргизүү жөнүндө жарлыгын жактырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына жыйынга чогулуп, Бишкек шаарына өзгөчө абал режмин киргизүү жөнүндө жарлыкты жактырды.

Вице-спикер Аида Касымалиева өзгөчө абалды киргизүү боюнча токтомду добуш берүүгө койду. Чечим бир добуштан жактырылды.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 10-октябрда Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Жогорку Кеңеш бул маселени үч күндүн ичинде карашы керек болчу. Бирок ЖК бул маселени карабагандыгына байланыштуу, президент  борбор калаага 12-октябрь саат 20:00дөн 2020-жылдын 19-октябры саат 07:00гө чейин өзгөчө абалды кайрадан киргизди. Борбордо саат 22:00дөн 05:00гө чейин коменданттык саат киргизилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: