Кыргызстандык Дастан Шаршеев Abadan FC 9 аттуу аралашкан эл аралык эр урушта жеңүүчү болду.
Профессионалдык беттештер 22-декабрда Ыстамбулда (Түркия) болуп өттү. Турнирде 13 беттеш болду. 70,3 кг салмакта Дастан Шаршеев менен Александр Михайлин (Белорусь) беттешти. Ошол кечтин эң маанилүү уруштардын бири эле. Биринчи мүнөт аяктап калганда Дастан атаандашына таамай сокку уруп, Александр чалкасынан кетип, беттешти уланта албай калды.
Бул ММАдагы Дастандын төртүнчү жеңиши. Мурункусун 2018-жылы октябрда Москвадан уткан. 2019-жылдын февралында кикбоксинг боюнча профессионалдар арасында дүйнө чемпиону болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ