Menu

Видео – Суусамыр жайлоосунун 20 миң гектарын алтыгана басып кетти, алтыгананы мал жемек турсун, ал жерге мал кире албай калды

Бөлүшүү:

Суусамыр жайлоосунун 20 миң гектардай жерин алтыгана басып кеткендиги белгилүү. Жылдан жылга бул чоң проблемага айланууда. Алтыгананы мал жемек турсун, ал өскөн жерге мал кире албайт. Бул тууралу айыл чарба министрлиги билдирет.

Министрликтин өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу департаментинин, жайыт департаментинин жана “Бай дыйкан” компаниясынын адистери Суусамыр жайлоосунда 100 гектар алтыгана баскан жерди химиялык жол менен тазалоо ишин жасашты. Азыркы эсеп боюнча, бир гектар жерди дарылоо иши 10 000 сомду түзөт. “Бай дыйкан” компаниясы бул ишке демөөрчүлүк кылды. Алар колдонулуп жаткан Гарлондекс гербициди 20 күндүн ичинде алтыгананы толук кууратып жок кылат экен. Ага чейин айыл чарба тармагынын кызматкерлери Суусамырдагы алтыгананы 2 күн бою кол менен тазалашты. Бирок алтыгана маселеси өтө татаалдашып кеткен. Өкмөт тарабынан каражат бөлүнүп, алтыгананы химиялык жол менен тазалабаса, эртең кеч болуп калаарын белгилешет адистер.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: