Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси, академик Сабырбек Жумабеков авиакырсыктан жабыркагандарга операция жасоо үчүн Алматы шаарына учуп кетти. Бул тууралуу дарыгердин жардамчысы журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Сабыр Жумабеков кечээ, 27-декабрда командасы менен шашылыш Алматыга жөнөп кеткен. Биздин врачка учактын кулашынан жабыр тарткандардын жакындары кайрылган.
Эске сала кетсек, кечээ, 27-декабрда, таңкы саат 07:22де “Fokker-100” учагы Алматынын аэропортунан Нур-Султанды көздөй баратып, Гүлдала айылынын четине кулап түшкөн. Учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Алматынын акимчилигинин акыркы маалыматына караганда, 66 адам ооруканада, каза болгондордун саны 15 адамга жеткен. Жабыркагандардын арасында бир кыргызстандык бар, ал ооруканада экенин биздин ТИМ басма сөз кызматы билдирген.
Бүгүн, 28-декабрь – Казакстанда аза күтүү күнү.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ