Menu

Казакстанда “Аза күтүү күнү” деп эртеңки күн жарыяланды

Бөлүшүү:

Казакстан мамлекетинин президенти Касым-Жомарт Токаев эртеңки, 28-декабрды “Жалпы улуттук аза күтүү күнү” деп жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Казакстандын президентинин басма сөз катчысы Берик Уали билдирди.

Анын билдирүүсүнө караганда, президент Касым-Жомарт Токаев каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, күнөөлүүлөр мыйзам боюнча катуу жазаланарын билдирген.

Эске сала кетсек, бүгүн, 27-декабрда, таңкы саат 07:22де  “Fokker-100” учагы Алматынын аэропортунан Нур-Султанды көздөй баратып, Гүлдала айылынын четине кулап түшкөн. Учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Алматынын акимчилигинин акыркы маалыматына караганда, 66 адам ооруканада, каза болгондордун саны 15 адамга жеткен. Жабыркагандардын арасында бир кыргызстандык бар, ал ооруканада экенин биздин ТИМ басма сөз кызматы билдирген.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: