Menu

Сооронбай Жээнбеков Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Моджтаб Рузбеханини дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Али Моджтаб Рузбеханини дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Али Моджтаб Рузбеханинин Кыргызстандагы жемиштүү ишмердүүлүгүн белгилеп, өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кошкон салымын баса белгиледи жана мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Ирандын Кыргызстандагы Элчиси Али Моджтаб Рузбехани жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы өзүнүн дипломатиялык ишмердүүлүгүндө боордош элдин жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин колдоосун сезип турганын белгиледи.

Эки өлкө ортосундагы мамилелерди бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшаганын кошумчалады.

Жолугушууда кыргыз-иран соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын бекемдөөнүн азыркы абалы жана  келечеги, эл аралык уюмдардын алкагында өз ара кызматташуу тууралуу пикир алмашуу болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: