Бул тууралуу аймактык оорукананын башкы врачы Данакан Артыкбаева билдирди.
Кыз эсине келбеген абалда ооруканага түшкөн. Мындан тышкары салатка ууланган 10 киши келип түшкөн.
“Дианозду дароо койдук – ботулизм болуп чыкты. Алардын экөө – 45 жаштагы аял менен 11 жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Аялдын абалы жакшы болуп кетти. Инфекциялык бөлүмгө котордук. Ал эми кыз өз алдынча дем алалбай, аппарат менен дем алдырып жаттык. Бардык аракеттерди көрдүк. Тилекке каршы, өмүрүн сактай албадык”, -дейт медик.
Мурда кабарлагандай, түштөнүү маалында пахта терген айылдыктар консерваланган салатка ууланышып, 10 киши ооруканага түшкөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ