5-июндан баштап мектепке чейинки билим берүү уюмдары иштеп баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат жыйында билдирди.
“Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында өзгөчө тартип болот. Эң негизгиси эрежени сактоо менен иш алып баруу даярдыгы боюнча мэрия же жергиликтүү бийлик текшерүү жүргүзөт. Ошондой эле ар бирине жекече уруксат берилет. Балдар бакчасы боло турган болсо берилген алгоритмдин негизинде ишиңиздерди уюштуруп, мэрияга кабар бересиздер. Ал жерде атайын адистерден түзүлгөн комиссия барып текшерип, коюлган талаптарды, эрежелерди сактоо менен иш жүргүзүүгө бүгүнкү күндө даяр деген тыянагын чыгарып, ошонун негизинде уруксат берилет. Жаш балдарыбыздын ден- соолугу биринчи орунда болушу керек”, – дейт ал.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ