“Айэркен Саймаитинин өлүмү Түркиянын полициясы тарабынан иликтенүүдө”,- деп билдирди бүгүн, 2-июнда УКМКнын өкүлү Сагынбек Самидин уулу Стамбулда былтыр 10-ноябрда өлтүрүлгөн А.Саймаитинин айланасындагы кырдаал боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда.
“Акыркы маалыматтарга караганда, ал кылмыш ишин иликтөө аяктап, сотко жөнөтүлгөн”, – деди ал.
Самидин уулу Сагынбек Саймаитинин өлүмүнө буга чейин кармалган 4 адам шектелип жатканын кошумчалады.
“Биздин тергөөчүлөр Түркияга барышып, шектүүлөр менен сүйлөшүштү. Аларда кыргыз паспорту жок болчу, алар сүйлөшүүдө өзбек тилинде сүйлөштү. Даректи сураганда, алар Аравандагы так даректи айта алышкан жок. Ошондой эле Ош шаарындагы көчөнүн атын да айта алышкан эмес”, – деп билдирди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Талантбек Салиев депутаттык комиссиянын отурумунда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ