Menu

Арсен Эралиев, Грек-рим күрөшү боюнча спорттун чебери: “Спортчулар Рио-де-Жанейродон жок дегенде эки медаль алабыз деп барганбыз”

Бөлүшүү:

– Арсен, кыргыз спортчулары Рио-де-Жанейродо өткөн олимпиада оюндарында жеңишке жетпей калышына сенин оюң боюнча эмне себеп болду?
– Эмне себеп болду билбейм. Кыргызстанга бир да медаль буюрбады. Баратканда спортчулар баарыбыз тең эле жакшы үмүт менен барганбыз. Жеңиш менен келебиз деп ойлогон элек. Жок дегенде эки медаль алабыз деген оюбуз бар болчу. Тилекке каршы, бир да медаль ала албадык. Мен азыр күрөштүргөн судьяны эле күнөөлөп жатам. Күрөшүп бүткөндөн кийин күрөшкөнүмө талдоо жүргүзсөм, ал мени бир эмес, үч жолу партерге коюптур. Мени менен күрөшкө чыккан балбанды бир да жолу партерге койгон эмес. Бул күрөштүн эрежесинде чоң ката болуп эсептелинет.
– Даярдыгың кандай болду эле, начар болуп калган эмес беле?
– Даярдык абдан жакшы болгон. Олимпиада оюндарына бараарга жакын үч ай калганда үйгө келбей, сбордо даярдангам. Жыйырма күн Арменияда сбордо болдук. Ал жактан келип үч күн Бишкекте болуп, анан Корея Республикасына барып ал жакта сбордо болгонбуз, айтор даярдык жакшы эле болгон.
-Олимпиада оюндарынын астында мамлекет спортчуларга кандай көңүл бурду?
– Аябай жакшы көңүл бурду. Өзгөчө КРнын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасы Шаршенбек Абдыкеримов байке жакшы жардам берди. Олимпиадада жүргөндө да судьялар менен сүйлөшүп, биздин жеңишке жетишүүбүзгө, медаль алуубузга абдан аракет кылып жүрдү. Ошондуктан учурдан пайдаланып мен Шаршенбек байкеге, машыктыруучум Канат Бегалиевге жана бизди колдогон, сүрөгөн күйөрмандардын баарына терең ыраазычылык билдирем.
– Учурда машыгууну таштабай, улантып жатасыңбы?
– Ооба, дайыма машыгуунун үстүндөмүн. Азыр бир аз ден соолукту чыңдап дарыланып жатам. Кандай болгон күндө дагы чоң спорт ден соолукка терс таасирин тийгизбей койбойт экен. Буюрса ден соолукту чыңдап алып кайрадан күч топтоп, кийинки олимпиада оюндарына катышсам деген тилегим бар. Жеңишке жетпей, медаль албай спортту таштап салгым келген жок.
– Сага бир миллион сом берилет деп жатышпады беле, акчаңды алдыңбы?
– Жок, азырынча берише элек. Жакында беришсе керек. Өгүнү беребиз деп жатышкан. Тилекке каршы, Россияда иштеген мекендештерибиз өрттөн курман болгондо кое тургула деп токтотуп коюшкан. Эми беришет го.
– Мамлекеттен жөлөк пул алып турасыңбы?
– Ооба, олимпиада оюндарына бараарга жакын 45 миң сомдон жөлөк пул алып турдук. Эми канча беришет билбейм. Үй-бүлөлүүмүн. Жубайым, бир уулум бар.
Мирлан Алымбаев

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: