Ары ойдолоп, бери ойдолоп айтор Туйгуналы Абдраимов жөн отурбас болду. Бир туруп төөнү сүйлөйт, бир туруп бээни сүйлөйт. Эми президент болот имиш. Анын артынан аялынан башка ким ээрчийт ыя? Кичине алды-артын карап койсо боло катыгүн. «Мени эл тааныйбы, мени эл сыйлайбы, мени эл шайлайбы?» деген суроолорду өзүнө берип көрдү бекен? Же «эл дүрбөсө кошо дүрбөйт» болуп дүрбөлөңгө түшүп жатабы? Атамбаев да кызык экен, Абдраимовдун жакшылыгын көргөндөн кийин, анын көзүн жалдыратып жалгыз таштабай бир кызмат берип койсо болмок. Эски дос эстен кетпейт да баарыбир.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ