Menu

Чет тилин билген мекендештерибиз Кыргызстанды кризистен куткарат

Бөлүшүү:

Ош шаарындагы №3-М.В.Ломоносов атындагы мектеп-гимназияда “Learn English, Change Your Life!” аттуу сыноочу долбоор тушоосун кести. Аяктаган окуу жылында 5-класстын 60 окуучусу англис тилин DynEd ыкмасында кыска аралыкта ыкчам үйрөнүштү. Мындай саамалык Борбор Азиядага гана эмес, дегеле КМШ өлкөлөрүндө дагы алгачкы ирет жүзөгө ашырылып олтурат.

Гульмира Осекова, Ош шаарындагы #3 Ломоносов атындагы мектептин директору: Мындай мыкты жөрөлгөгө туңгуч аянтча болгондугубуз үчүн, албетте, абдан сыймыктанабыз. Анын үстүнө бул болочоктуу долбоорду биздин мектептин биргездеги бүтүрүүчүсү – Кыргызстандагы “Мөл Булак” көрүнүктүү каржы компаниясынын башкы директору Бабур Төлбаев бүтүндөй каржылады. Эми аны жаңы окуу жылында дагы улантабыз деп жатышат. Албетте, окуучуларды иргөө бул сапар деле адилет жүргүзүлөт. Тааныш-билишчилик, бийликтин өкүмзордугу таптакыр өтпөйт. Атайын сынакта балдардын кыйындары жана тыңдары гана тандалмакчы.

Даниэль Асилбеков, Ош шаарындагы №3-М. В. Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясынын 5-Альфа классынын окуучусу: – Жашырып не, англис тилин жакшылап окубай жерип, атүгүл өлгүдөй жек көрчүбүз. “Learn English, Change Your Life!” долбооруна ылайык сабактарга үзгүлтүксүз катышып, англис тилин өтө эле бат үйрөндүм. Жаңылышпасам, азыр ээн-эркин сүйлөшкөнгө, бей-марал ой-пикир алмашканга, анан кат жазышканга дагы жарап калдым. Мында мугалимдеримдин дагы мээнети өтө чоң экендигин баса белгилеп кетүүгө тийишмин!

Алишер уулу Миртилек, Ош шаарындагы №3-М. В. Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясынын 5-Альфа классынын окуучусу: – Биз мындан ары дагы жакшылап окуп, сүйүктүү мектебибизди жана ата-энелерибизди таптакыр уяткарбаганга катуу аракет жасамакчыбыз. Жергиликтүү жана республикалык деңгээлдеги ар кандай мелдештерге, сынактарга байма-бай катышып, билим журтубуздун ар-намысын жана беделин үзгүлтүксүз коргогонго далалат кылабыз. Анткени, бизди бул мыкты класска ылгаганда эч кандай жемкорлукка жана тууганчылык жоруктарга жол берилген жок!

Кубанычбек Ташмамат уулу, ата-энелер комитетинин өкүлү, Ош шаарынын тургуну: – Ош шаарындагы №3-М. В. Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясынын 5-Альфа классын бүтүрүп жаткан Айчүрөктүн атасымын. Эң ириде аталган билим уясынын англис тили мугалимдерине башыбызды бекем ийиип, терең таазим кылабыз! Балдарыбызды зерикпестен окутуп, ата-энеси билбеген тилди жетиштүү үйрөтүштү. Ушул тапта кызым, көз тийбесин, чет өлкөлүктөр менен беймарал сүйлөшкөнгө жарап калды. Аман турса, ушул нуктан эч тайыбайт го.

Бахтияр Төлбаев, “Мөл Булак” каржы компаниясынын төрагасынын орун басары: – “Learn English,

Change Your Life!” долбоорун, буюрca, Ош шаарындагы №3-М.В.Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясында быйылкы жаңы окуу жылында дагы улантабыз. Кыргызстанда, жашырып не, биз өңдөнгөн меценаттар толтура.

Алар дагы биздин демилгебизди кубатташып, “Аймактарды өнүктүрүү жылында” республикабыздын бардык булуң-бурчунда жайылтышса, абдан чоң соопко калышаар эле. Мындан өлкөбүз дагы утмак. Анткени, канча тил билсең, ошончолук көп инвестиция тартууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт эмеспи.

Айнура Сагныбаева, SL.KG компаниясынын директору: – DynEd – англис тилин инновациялык мультмедиа ыкмасы аркылуу абдан ыкчам үйрөнүү ыкмасы. Бул саамалык 1987-жылы АКШнын Калифорния штатынын Силиконов өрөөнү шаарында негизделген. Ушул тапта дүйнөнүн 80 өлкөсүндө абдан ийгиликтүү иштеп жатат. Ал эми Ош шаарындагы №3-М. В. Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясындагы бул “Learn English, Change Your Life!” долбоору Борбор Азияда гана эмес КМШ өлкөлөрнүдө дагы биринчи жолу жүзөгө ашырылып жатат. Биринчиден, бул долбоор аркылуу окуучулар англис тилин кыска аралыкта үйрөнүп, абдан эле бат өздөштүрүп жатышат. Экинчиден, жаш муундардын дүйнө таанымы оң жагына дагы кескин түрдө өзгөрүүдө. Үчүнчүдөн, эми дүйнөлүк англис тилин билген мекендештерибиз чет өлкөлөрдөн ортомчусуз байма-бай инвестор тартып, Кыргызстанды кризистен жакын арада куткарууга шарт дагы жаралып олтурат.

Ошентип, эң абройлуу “Learn English, Change Your Life!» долбоору бара-бара толук кандуу үзүрүн берээринен үмүт абдан чоң. Анткени, Туркия, Чехия жана Кытай өңдөнгөн өлкөлөрдүн мамлекеттик мектептеринде жогорудагы долбоорду кыска аралыкта мыкты өздөштүрүшкөндөн кийин гана аталган мамлекеттердин агартуу мекемелеринде ар тараптуу, ал эми экономикасында чоң секириктер жасалгандыгын тарых тастыктабадыбы.

Алишер Токсонбаев

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: