Ош облусунун жана Ош шаарынын көк бөрү боюнча ачык кубогу 24-25-февраль күндөрү түштүк башкалаасындагы ат майданында өттү. Ага жалпысынан 13 команда катышып, төрт топко бөлүнүп күч сынашышты. Оюндун финалдык түрүн Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков ачып беришти.
Жыйынтыгында, 1-орунду багындырган Өзгөндүн командасы кубок жана “Жигули” унаасын утуп алды. Ал эми 2-орунду Аксы районунун командасы ээлеп, буларга “Опель” автоунаасы тартууланды. Мындан тышкары 3-орунга Кара-Кулжа районунун “Ынтымак” командасы татып, бир тай менен сыйланды. Мындан тышкары “Эң мыкты оюнчу”, “Эң мыкты ат” наамдарынын ээлерине дагы баалуу сыйлыктар тапшырылды.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ