Menu

New York Times: ЦРУнун Кремлдеги булактары “үн катпай” калды

Бөлүшүү:

Америкалык атайын кызматтын Кремлдеги жана орус президенти Владимир Путиндин жанындагы булактары акыркы айларда кандайдыр бир маалыматтарды ачыкка чыгарыша элек.

Мындан улам Борбордук чалгындоо башкармалыгы жана АКШнын башка өкмөттүк агенттиктери быйыл ноябрда Конгрессте өткөн шайлоолорго кийлигишүү боюнча орусиялык чиновниктердин чыныгы ниети тууралуу маалымат ала албай калышты. Бул тууралуу New York Times өз булактарына таянуу менен билдирди.

Гезиттин маалыматтары боюнча Кремлдеги булактардын жардамы менен 2016-жылы америкалык атайын кызматтар АКШнын шайлоо жараянына кийлигишкен орусиялык хакерлер менен интернет-троллдорду аныкташкан.

Бирок быйыл АКШнын Кремлдеги булактары үн ката элек. New York Times басылмасынын маектешинин божомолу боюнча орус атайын кызматтары контрчабуул ишмердүүлүгүн күчөткөнүнө байланыштуу алар маалымат чыгарбоо чечимин кабыл алышкан.

Америкалык атайын кызматтар жана ири IT-компаниялары шайлоолордун жакындашы менен дүйнөлүк желеде орус хакерлери активдүү боло баштаганын эскертүүдө. АКШ улуттук чалгын кызматынын башчысы Дэн Коатс орус бийлиги Америкадагы демократиялык институттардын ишин бузууга ниеттенип жатканына ишенерин айткан. Бирок АКШга орус бийлигинин бул жолку пландары жана кибермейкиндиктеги буталары так белгисиз, деп жазат New York Times.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: