Menu

Бел боо күрөшү боюнча машыктыруучу Жеңишбек Токтоназаровго “КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу” наамы ыйгарылды

Бөлүшүү:

Бел боо күрөшү боюнча машыктыруучу Жеңишбек Токтоназаровго “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, наам жогорку класстагы спортчуларды даярдагандыгы, спортчуларды тарбиялоодо баа жеткис эмгеги үчүн, ири мелдештерде, дүйнөлүк чемпионаттарда ийгиликтүү оюн көрсөткөндүгү үчүн, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн берилди.

Спорттук наамдарды ыйгаруу жөнүндө чечим Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин коллегиясынын 2016-жылдын 23-декабрындагы No 11-2 токтому менен бекитилген бирдиктүү спорттук классификациялоонун талаптарына ылайык кабыл алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: