Көчмөндөр оюндары башталарда Кырчын жайлоосуна 2 млн сомго сатылып алынган ажатканалар орнотулган. Бул жөнүндө Ысый-Көл облусунун 2019-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары боюнча облколлегияда белгилүү болду.
Анда айтылган маалыматка ылайык 2019-жылдын 25-июлундагы №238 буйрук менен ажатканалар шаарлар менен райондордун ортосунда бөлүштүрүлүп берилген. Жалпы жонунан 15 ажаткана болгон. Алар жайкы туристтик мезгилде зарыл жерлерге орнотулган. Мисалы, Түп районуна бир ажаткананы беришкен, бирок ал пайдаланылбай туруптур. Эми аны Ысык-Көл раойнуна өткөрүп беришти. Кырчын жайлоосунда беш орундуу 8 ажаткана болгон. Бардыгы сууга кошулган. Жалпы баасы – 2 млн 301 миң 700 сом.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ