Соцтармактарда Украинанын президенти Владимир Зеленскийге союп каптагандай окшош кишинин метродо бараткан видеосу өтө тездик менен тараган. Көрсө, ал Өзбекстандан Москвага жумуш издеп келген эмгек мигранты экен. Аты – Үмид, дөңгөлөк оңдоочу жайда маляр болуп иштейт. “Мен метро менен жумушума баратканда, бирөөлөр тартып алган экен. Интернетте дүң эле боло түштүм. 2016-жылдары досторум айтып калчу, сен Зеленский деген куудулга окшошсуң деп. Бирок мен аны таанычу эмесмин. Президент болгондо көрдүм”, – дейт Үмид. Бул маалыматты “Даракчи” басылмасы жазып чыкты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ