Menu

Батукаевге паспорт берген Эрлан Сапарбеков каякта?

Бөлүшүү:

Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетүүсү боюнча кыргыз бийлигинин бир топтору “кыргынга” учурады. Далай министр, директор, начальник этеги доктурларга чейин суралып, аягы Атамбаевди да ала жатты. Ушул кезде көпчүлүк сурактар дал ошол Батукаевдин иши менен байланыштуу. Кызыгы, кыргыздын кыйын жигиттеринин кулагын кесип, кордук көрсөтүп, кыргыз бийлигин шылдыңдап кызыл килем менен Кыргызстандан чыгып кеткен Азиз Батукаевге паспорт берген Эрлан Сапарбаев каякта? Сапарбаев ушул убакка чейин суракка чакырылдыбы? Башкасын айтпаганда да “мыйзамдагы ууруга” Кыргызстандан мыйзамдуу түрдө учуп кетүүгө документ берген Сапарбаев эки эсе жоопкерчилик тартса болбойт беле? Сыйкыр таягы же тилинде мөөрү барбы? Эгер чакырылса, ага көрсөтмө берген генерал Феликс Куловдун кулагы чыгабы? Болушу мүмкүн. Аны да көрө жаталы.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: