Menu

Соттун чечимин көзгө илбеген Индира айым

Бөлүшүү:

Азыр бир тууганың, жакын санаалашың бийликке сын айтып, каршы чыга турган болсо, ээлеген ордуңан заматта шыпыргы менен шыпырылгандай эле ыргыйсың. Төңкөрүш жасайм деп аракет кылган деп кармалып, камакта жаткан мурунку КСДПчы Кубанычбек Кадыровдун бир тууган иниси Марс Кыдыкбаев да агасынын позициясынан улам кызматынан айдалып, илгеркидей кулакка тартылган адамдын кейпин кийип жүрөт. Кызматтан мыйзамсыз алынганын сотто далилдеп, 2013-жылы Жогорку Сот Кыдыкбаев мыйзамсыз иштен алынганын, аны кайра кызмат ордуна олтургузушу керектиги тууралуу чечим чыгарат. Андан бери 3 жыл өтсө да Жогорку Соттун чечими аткарылбай келет. Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн Башкы прокуратура чечимди аткармак түгүл, тоготуп да койгон эмес. Муну менен Индира айым кыргыз сотторун тоготпогонун далилдегиси келгениби? Жогорку Соттун чечими аткарылбай, чындык чаңдын астында калып жатса, кантип биз мыйзамдуу өлкөдө жашап жатабыз деп айта алабыз? Чындык үчүн күйгөн Марс Кыдыкбаев Индира айымга «фейсбук» аркылуу кат жолдоп, анда “Урматтуу Индира Ырысбаевна! Эми саясий куугунтуктун дагы чеги болот эмеспи!? Саясий куугунтук эч кандай жакшылык алып келбесин жакшы билесиз. Эртеби-кечпи баары бир мыйзам алдында жооп берчү убакыт келет да. Мыйзам чегинде иш алып барууңузду суранам. Жок дегенде менин кайрылууларыма мыйзам чегинде жооп берип койсоңуз” деп жазылган. Мыйзамды түшүнгөн адам өз укугун мыйзамдуу түрдө коргой албай жатса, чор тамандар тууралуу сөз кылыштын азырынча кереги жок да.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: