Учурда таажывирусуна гана байланыштуу эмес, негизи эле жаз айларында баарыбыздын иммунитетибиз басаңдап баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Айнура Акматова иммунитети көтөрүү үчүн эмне кылуу керектигин айтып берди.
“Иммунитетти көтөрүү үчүн алкоголдук ичимдиктерди ичүүнү токтотуш керек. Чылым чегүүнү азайтып керек. Андан сырткары, витаминдештирилген тамак-аштарды жеш керек. Албетте, бүгүнкү күндө жарандар “үйдө иштебей отурабыз, акчабыз жок” деп айтышы мүмкүн. Бирок бизге жеткиликтүү болгон сабиз, кызыл кызылча, бал, алма, жашылчалар ошондой эле үйдө өзүбүз жасаган ысык тамак адамдын иммунитетин сактоого жардам берет. Көптөрү убактысы болбой, фаст-фуд менен тамактанышат, бул имуунитеттин басаңдашына алып келет. Тез татымдардан баш тартып, 1 күндө 2-2,5 литр жылуу суу ичиш керек” – деп айтты Айнура Акматова.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ