Украинада абакта жаткан өзбекстандык Акбарали Абдуллаев 21-апрелде үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Киев прокуратурасы билдирүүдө.
33 жаштагы Абдуллаев маркум өзбек президенти Ислам Каримовдун жесиринин жээни. Ал 2014-жылы Өзбекстанда каржылык алдамчылыкка жана акча уурдоого айыпталып, издөөгө алынган.
Быйыл январда Киевдин эл аралык аэропортунда кармалган. Өзбек бийлиги аны экстрадициялоону талап кылууда. Абдуллаев мекенине кайра барса камаларын, өмүрүнө коркунуч тууларын айтып келет.
Абдуллаев 2013-жылы оор экономикалык кылмыштарды жасоого айыпталып, Ислам Каримовдун буйругу менен камалган. Ал абакта 2,5 жыл отуруп, мунапыс менен шарттуу түрдө эркиндикке чыккан. Бирок Каримов өлгөндөн кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Абдуллаевдин адвокаттары ал Украинага мыйзамдуу жол менен келгенин, жанында паспорту жана визасы болгонун ырасташууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ