Menu

Биригип бизнес кылуу ишкерлерди байытабы?

Бөлүшүү:

Кыргызстанда экспортоого айыл чарба жана жеңил өнөр жай тармагынын артыкчылыгы көп. Бирок бул тармактар бир туруп сапатынан аксаса, бир туруп кардар талап кылган көлөмдү өндүрө албай убара. Адистер товар экспорттоодо сапат менен катар эле, көлөм дагы маанилүү экенин айтышат

Көлөмдүн аздыгынан кардар качат

Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Нурлан Мусуралиев көптөгөн чет элдик ири кардарларды көлөмдүн аздыгынан качырып жатабыз дейт. Ал чакан ишканаларды бириктирүүдө биринчи кезекте ишкерлер жана алар менен кошо мамлекет да утушта болот деген пикирде.

– Экспорттун көлөмү түштү деген маалымат байма-бай айтылат. Бирок ал эмне себептен түшкөнүн изилдеген адам жок. Жакында эле бизге Орусиянын Новосибирск шаарынан ишкерлер кайрылды. Алар жакшы баада 10миң тонна картөшкө сурады. Биз “Макул, күзүндө чыгарып берели” – десек, алар “Күзүндө эмес, бизге ай сайын 10 миң тонна картөшкө керек”, – дешти. Бизде айыл чарба тармагынын потенциалы зор деп айтылганы менен бир орус компаниясын тейлөөгө алыбыз жетпей тургандыгына ошондо көзүм жетти.

Мусуралиев ишканаларды бириктире турган өнөр жай паркын куруу үчүн мыйзам долбоору даярдалып, жакында парламентке сунушталарын билдирди.

– Биринчи кезекте бириккен ишканалар кардар сураган талапка жооп бериши керек. Оору эмес, таза өндүрүм деген сыяктуу тастыктамаларга ээ болуусу шарт. Бул жерде жеңил өнөр жай жааты биргелешип иштесе эффективдүү болот. Анткени азыр Кыргызстанда кийим тиккен чакан цехтер көп. Алардын баары биз сунуштап жаткан өнөр жай паркына жайгашып, ири тапшырык алса болот. Айыл чарба тармагы болсо бир жерге чогулбай эле жер-жерлерден кардар талап кылган өндүрүмдү өндүрүүгө мүмкүн.Бул жерде банкрот болуп калуу коркунучу жок. Болгону узак жылга ири кардар табуу керек. Ишкерлер, фермерлер, дыйкандар баары эле колдосо керек бул долбоорду. Анткени аларга эң негизгиси пайда эмеспи.

Түзүлчү парктын СССРдеги кооперативдерден айрымасы

Ыраакта унутулуп, СССРдин доорунда калган колхоз, совхоздорду кайра жандандыруу идеясын көтөргөндөр бар. Бирок анда түзүлгөн кооперативдер мамлекетке тийиштүү болуп, эл план толтуруу менен алек болгон. Айыл чарба адиси Аманкул Зулпукаров совет доорундагы режимдин айрым практикаларын колдонсо болорун айтат.

– Кооператив кылууну көптөн бери сунуштап келем. Бул абдан туура көтөрүлгөн долбоор. Мурда эле майда чарбаларды бириктирип, чоң ишканаларды ачыш керек болчу. Бирок бириктирүүдөн мурун сөзсүз логистикалык түйүндөр курулушу керек. Союз мезгилинде түшкөн пайда мамлекеттики болсо, эми жеке менчиктики болот. Каалагандар өндүрөт. Пайда ишкерлердин чөнтөгүнө түшөт.

Дыйкандарды азапка салып келген дагы бир көйгөй – кампа. Тиккенин тигип, түшүмүн алып бүткөндөн кийин сактоого жайы жок чыгымга учураган дыйкандар арбын. Алма өстүрүп, үзүрүн көрүп келе жаткан багбан Болот Шамурзаев биргелешип иш кылууну колдойт. Бирок ал биригүүдөн мурун, сактоочу жайдын жана тийиштүү тастыктама берүүчү лабораториялардын болуусу керектигин айтат.

– Бизде негизги маселе ошол кампанын жоктугу болуп жатат. Эгер ири көлөмдө товарды өндүрө турган болсок кампалар сөзсүз зарыл болот деп ойлойм. Аз алманы ар жерге сактап жатабыз. Же күзүндө эле дүң баада сатып жиберебиз. Азыр алманы дарылабаса, ар түрдүү оору каптап кетүүдө. Оорунун түрү көп окшойт. Мисалы, быйыл бир ооруга дары сепсек, кийин экинчи оору чыгат. Ошолорду аныктап, кандай дары себиш керек экенин маалымат каражаттары аркылуу көрсөтүп турса жакшы болот эле.

Аймактарда 4 лаборатория оңдолот

Кыргызстанда эл аралык стандартка туура келген эки эле лаборатория бар. Алардын бири Бишкекте болсо, экинчиси Ош шаарынан орун алган. Ал эми алыскы аймактарда лаборатория жөнүндө сөз кылуунун да кереги жок. Өлкөбүз бажы биримдигине мүчө болгондо биринчи кезекте эле дал ушул лабораториялар курулат деген убадалар берилгени менен, курула элек. Өкмөт мүчөлөрү ал убаданы бүгүн дагы берүүдөн чарчабайт. Эске салсак, биримдикке мүчө болор алдында Орусия Кыргызстанга техникалык жардам катары 1млн 246миң доллар бөлүп берген.

Таластан чыккан кара өрүктүн куну быйыл мурдагы жылга салыштырмалуу арзан болду. Жергиликтүү элдин колунда тийиштүү тастыктама жок болгондуктан, ишкерлер аны алуудан баш тарткан. Анткени буга чейин кара өрүк көбүнчө чет өлкөгө аткезчилик аркылуу экспорттолуп келген.

Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын директору Калысбек Жумакановдун айтымында, Кыргызстанда болгону советтик системадагы 28 лаборатория бар.

– Алардын баарын оңдоп, ишке киргизүү мүмкүн болбогондуктан оптимизациялоо жаатында иш жүргүзүүдөбүз. 28 лабораториянын 19ун гана калтыруу чечими кабыл алынган. Тактап айтканда, алар оңдолуп, жабдылып, ишке киргизилет. Учурда Бишкектеги жана Оштогу 2 лабораторияда толугу менен оңдоо иштери жүрүүдө. Аларды жабдуу, оңдоо үчүн мамлекеттен 27 млн сом бөлүнгөн. Экөө тең быйыл декабрга чейин ишке киргизилет. Бул лабораториялар бардык эл аралык талаптарга жооп берип, аккредитациядан өтөт, – деди К.Жумаканов.

Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын директору билдиргендей, аталганэки лаборатория Кыргызстанды жабдый албайт.

– Кабыл алынган план боюнча 2017-жылы Баткен, Балыкчы, Каракол жанаТаласта 4 лаборатория оңдолуп, ишке киргизилет. Ошентип, бара-бара калган лабораториялар оңдолуп, бул жааттагы көйгөй толугу менен чечилет, – деп белгиледи ал.

Ошондой эле, Айыл чарба, азык-түлүк өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев Нарынга талапка жооп бере турган лаборатория куруу максатында Кытай менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи. “Нарында айыл чарба өндүрүмдөрү тастыктамадан өтпөсө да, эт азыктары өтүшү керек. Кытай тарап менен бирге лаборатория курулса, биринчи кезекте эт Кытайга кетмек” деген пикирин билдирди ал.

Биригүүдөн мурда шарттар керек

Анткени менен биргелешип бизнес кылуудан айрым ишкерлер коркуп турушат. Буга себеп аталган өнөр-жай парктарын шаардын чет жакаларына курам деген мерчеминде. Ишкерлерди дал ушул алыскы жол чочулатууда. “Aynazik fashion” тигүү цехинин ээси Нүргүл Сыдыкова ишкерлер макул болсо да, тигүүчүлөр көнбөй турганын айтат. Анын айтымында, азыр тигүүчүлөрдү акчадан мурун шарттар кызыктырат.

– Башка тармактарды билбейм, бирок тигүү тармагын бир ишканага чогултуу оор болуп калабы деп турам. Анткени менин угушумча андай парктар шаардын чекесине курулат. Бул көптөгөн тигүүчүлөргө кыйын болуп калат. Барып келген жол акысынан, жолго кеткен убакыттан уттурат. Эгер курулса, тигүүчүлөргө сөзсүз жатаканасы, жашай турган шарттары болушу керек. Антпесе бир сааттык жолго барып келип иштегенге эч ким макул болушпаса керек. Мисалы, меники Дордойдо жайгашкан. Билесиңер, Дордойдун тегерегинде жаңы конуштар көп. Тигүүчү болуп шаардыктар иштебейт, көбүнчө айылдан келип жер алып, там салып отурукташып калгандар, же батирде жашагандар иштейт. Жаңы конуштарда батир арзан. Бир бөлмөгө экиден, үчтөн болуп жашаса1000 сомдон айланат. Кыздар жөө барып келип иштеп атышат. Негизгиси, жолдун жакын болгону жакшы да. Анын үстүнө ишим да жаңыдан гана нукка түшүп келе жаткандыктан, тобокел кылгым келген жок. Евро азиялык экономикалык биримдикке кошулганы жыргап калдык. Казакстан, Орусияга тоскоолдуксуз кетип атат. 1 кгга 20 рубль төлөнөт. Базар баарын жөнгө салат окшойт. Азыр мурдагыдай эптемейлер жашай албайт. Кардарлар сөзсүз сапатты талап кылат. Менин азыркы абалым өзүмдү канааттандырат. Ошондуктан, биригүүгө кошулбайм.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери экспорттун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 29,3% төмөндөгөн. 2015-жылдын январь жана май айларына салыштырмалуу экспорттун кыскарышы кийим-кече жана ага тиешелүү жабдыктарга 23 эсе, тирүү мал жандыктары 5,2 эсе, желим буюмдары 3,4, алтын 2, пахта 2,5, сүт азыктары 1,8 эсе кыскарган. Кыскарган экспорттун жалпы көлөмү 287,1 млн долларды түзөт.

Булак: Саресеп 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: